Баткенде сатуучунун 60 миңдей акчасын уурдоого шектелип эки аял кармалды

Жазылуу
Шектүүлөр Жалал-Абад облусунун тургундары экендиги белгилүү болду.

БАТКЕН, 24-июн. – Sputnik. Баткен шаарында уурулукка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, окуя 22-июнь күнү болгон.

"Баткендин 25 жаштагы жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Ал калаадагы базардагы соода түйүнүнөн 25-30 жаш чамасындагы эки аял 62 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 22 жана 23 жаштагы эки жашоочусу кармалды", — деди Юсупова.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0