Кадамжайда 4 жашар кызды коюп кеткен шектүү кармалды

Жазылуу
Жол кырсыгы 19-июнда Кадамжай районундагы Таш-Дөбө айылында катталган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Таш-Дөбө айылында 4 жашар кызды коюп кетип из жашырган айдоочу кармалганын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы 19-июнда катталган.

"Кечээ кечки саат 18:00дөр чамасында 37 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн жанынан кичинекей кызды коюп, из жашырган айылдашына чара көрүү боюнча арыз жазган. Наристенин дене-башы сыйрылып ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Баткен облустук милициясы кызды коюп кетти делген Таш-Дөбө айылынын 45 жаштагы тургунун кармады. Ал Toyota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаа айдап жүргөн. Бардык материалдар Кадамжай райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0