ШИИБ: Бишкекте жөө адамды унаа коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтонаезд на девушку. Иллюстративное фото
Автонаезд на девушку. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн, 19-июнда кечке жуук болгон. Тез жардам кызматы жабырлануучуну ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Манас айылы" этнокомплексинин аймагынан жөө адамдар өтө турган чийинде кетип бараткан кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Окуя саат 20.00дөр чамасында болгон.

"Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтө турган чийинде бара жаткан кызды коюп кетти. Тез жардам кызматы жабырлануучуну Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирди. Дарыгерлердин айтымында, кыздын баш мээси чайкалган деген божомол бар", — деп милициядан маалымдашты.

Учурда ШИИББдин кызматкерлери иштеп жатат. Рулда 50-55 жаштар чамасындагы эркек киши болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0