Сак болгула! Сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүНаводнение в Краснодарском крае
Наводнение в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ алдыдагы төрт күн ичинде жаан катуу жаай турганын эскертти.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта 23-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын айрым жерлеринде сел жүрүү кооптуулугу күч. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Борьба с саранчой в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Нарындын төрт районунун 42 миң га айдоо жери чегирткеден тазаланууда
Министрлик жергиликтүү калкты жана мекеме кызматкерлерин, ишкана-уюмдарды тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экенин эскертет.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан 18-июнь күнү тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине телефонограмма жеткирилген.

Мындан тышкары, уюлдук операторлор аркылуу калк да кабардар болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0