Бишкектеги соода борборунда өрт чыкты

Жазылуу
ӨКМдин билдиришинче бутиктеги текчелер күйгөн.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борборунда өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, өрт ишембиде күндүз болуп, имараттын ичиндеги дүкөндөрдүн биринин текчелери күйүп, 3 чарчы метр аянтка жайылган. Ага кошумча бут кийимдер күйгөн. Өрт электр зымдары тийишип кеткендиктен чыккан.

Окуя болгон жерге  өрт өчүрүүчү эки автотехника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0