Токтогулда жол кырсыктан алты адам жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкек — Ош жолундагы 222-чакырымда саат 19.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолундагы 222-чакырымда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен алты киши жабыркады. Бул тууралуу облустук ИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, окуя 15-июнь күнү саат 19.30дар чамасында болгон.

"Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа түштүктү көздөй бара жаткан. Жолдун 222-чакырымына жеткенде Audi A4 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен алты киши жабыркады. Алардын арасында сегиз жаштагы кыз бар", — деп милициядан билдиришти.

Honda Stepwgn автосунда төрт, экинчи унаада эки адам болгон. Бардыгы тең түрдүү жаракаттар менен Токтогул аймактык ооруканасына жаткырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча Audi A4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0