Таксист жаакка чапкан жүргүнчүнүн жубайы окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на людей
Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарга таксист менен жүргүнчүнүн ортосунда чыккан чырдын видеосу тарады.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Таксисттин каарына калып андан сокку жеген кишинин жубайы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Буга чейин социалдык тармактарга таксист менен жүргүнчүнүн жулкулдаша кеткен видеосу жарыяланган болчу. Видеодо көрүнүп тургандай, таксист кишини жаактан ары бир чаап, унаасына күчтөп салып алганын көрүүгө болот. 

© Facebook/ Samat KydyrbaevВ Бишкеке таксист силой затолкал в авто пассажира, дав ему пощечину, — видео
В Бишкеке таксист силой затолкал в авто пассажира, дав ему пощечину, — видео - Sputnik Кыргызстан
В Бишкеке таксист силой затолкал в авто пассажира, дав ему пощечину, — видео

Аялдын айтымында, жолдошу экөө такси чакырып, келгенде унаанын салонуна отурушкан.

"Жолдон жолдошум телефон аркылуу өзүнүн атасы менен сүйлөшө баштады. Таксистке бул нерсе жакпай калды. Ал тилденип эле унааны токтотуп, жолдошумду ура баштады. Ал сыртка суурулуп чыкса, артынан чуркап келди. Элдин көзүнчө өзүн акташ үчүн "жол кирени төлөбөй жатат" деп айта баштады. Айдоочу жолдошумду бир чаап, унаасына салып алды", — деди ал.

Анын айтымында, таксист жолдошун милицияга алып барып "жүргүнчү жол кирени төлөбөй жатат" деп арызданган.

Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчү аялга кол салган маршрутка айдоочусу иштен четтетилди
"Биз дагы милицияга арыз жаздык. Бирок жолдошум оор жаракат албагандыктан айдоочуга чара көрүлбөй калышы мүмкүндүгүн айтышты. Күйөөм окуяга капаланып, аябай чөгүп кетти. Мени менен дагы сүйлөшпөй жатат", — деди жабырлануучунун жубайы.

Айдоочу иштеген такси кызматы тергөө аяктамайын эч кандай комментарий берилбей турганын айтышты.

Ал эми Бишкек ШИИББ окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0