Ошто 24 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасы. Архив
Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, келиндин канында тромб пайда болуп, ал өпкөсүнө тыгылып калган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасында жаңы көз жарган 24 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Билдирмеге караганда, келин шаардагы менчик клиникалардын операция жолу менен 1-июнь күнү көз жарган. Төрөттөн кийин абалы начарлап кеткен келинди Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканага которууну чечишкен.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, келиндин канында тромб пайда болуп, ал өпкөсүнө тыгылып калган. Мындан улам жаш эне 12-июнь күнү таңкы саат 5.30дарда көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ички иликтөө жүргүзүү үчүн Ош облустук ден соолук жана төрөт боюнча координаторлор башында турган атайын комиссия түзүлүп, иштей баштаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0