Бишкекте кулап кеткен футбол дарбазасы башына тийген бала каза тапты

© AFP / LEON NEALФутбол ойноп жаткан балдар. Архив
Футбол ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 13-июнь күнү Пишпек районунда болгон.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкекте оюн учурунда кулап кеткен футбол дарбазасы 11 жаштагы баланын башына тийип, алган жаракатынан ал каза тапты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-июнь күнү Пишпек районунда болгон.

"Балдар жабык футбол талаасына барышкан экен. Оюн учурунда дарбаза баланын башына кулаган. Мини футболдук аянтка алар жанындагы чайкана аркылуу киришкен деген божомол бар", — дешти укук коргоо органдарынан.

Ушу тапта медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0