Аламүдүндө Казакстандын жараны 500 кг баңгизат менен кармалды

Жазылуу
57 жаштагы киши баңгазат каражаттарын Audi унаасына салып бара жаткан жеринен токтотулган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматы баңгизат каражаттарын ташып бараткан Казакстандын жаранын кармады. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20.20лар чамасында ыкчам-издөө иш-аракеттеринин алкагында Аламүдүн районунун Луговой көчөсүнөн Audi унаасы токтотулган. Аны 57 жаштагы А.С. аттуу коңшу өлкөнүн жараны башкарып бара жаткан.

“Тинтүү учурунда унаанын артынан жана салонунан 30 литрлик 14 канистрге куюлуп, жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук (күкүрт кислотасы) табылган”, — деп айтылат маалыматта. 

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0