Мырза-Аке — Алайкуу жолунда оодарылып кеткен унаанын айдоочусу мерт болду

© AFP / MARTIN BUREAUПоследствия урагана Ирма
Последствия урагана Ирма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен унаадагы эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

ОШ, 13-июн. – Sputnik. Ош облусундагы Мырза-Аке — Алайкуу унаа жолунун 40-чакырымында Audi 100 унааcы оодарылып кетип, анын кесепетинен айдоочу каза болду. Бул маалыматты облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Бродвей, Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Ош: унаа коюп кеткен 49 жаштагы эркек киши каза болду. Кырсыктын сүрөтү
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 14:00дөр чамасында катталган.

Маркум Кара-Кулжа районунун 1967-жылы туулган С.Т. аттуу жашоочусу экендиги аныкталды.

Кырсыкка кабылган унаадагы эки жүргүнчү Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилди. Бул фактынын негизинде учурда кырсыктын келип чыгуу себептери райондук милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0