01:04 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Бишкек Ош жолу. Архивдик сүрөт

Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы болуп, 6 адам жабыркады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (276)
169 0 0

Кырсык болгон жерге ошол замат милиция кызматкерлери, ӨКМ куткаруучулары жана медиктер барды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 68-чакырымында эки унаа сүзүшүп, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кырсык 13-июнда 00.25те болгон.

"Бишкек — Ош унаа жолунун Жайыл районундагы бөлүгүндө түндүктү көздөй келе жаткан Mazda 626 унаасы Honda Odyssey менен кагышып кеткен. Кырсык болгон жерге ошол замат милиция кызматкерлери, ӨКМ куткаруучулары жана медиктер барды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында жол кырсыгында жабыркаган алты адам ооруканага жеткирилген. Чогулган материалдар Жайыл РИИБине өткөрүлүп берилди.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (276)

Тема боюнча

Бишкекте эки жеңил унаа кагышып, айдоочу кыз жабыркады. Сүрөт
Ички иштер министри жол кырсыгынын көбөйүшүнүн төрт себебин айтты
Белгилер:
унаа, жол кырсыгы, Жайыл району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ