02:24 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында салынган ипподром менен спорт комплекси. Архивдик сүрөт

Көчмөндөр оюну үчүн курулган ипподромдон 202 млн. сом зыян келтирилген

© Фото / Инсан Бакиров
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

Тергөөнүн берген маалыматы боюнча ат майдан менен спорт комплексин курууда баа жасалма жогорулатылган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата салынган объектилердин курулушу финансылык мыйзам бузуулар менен коштолгонун Башкы прокуратура билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын чогулткан материалдарынын негизинде көзөмөл орган Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында салынган ипподром менен спорт комплексинин курулуш иштеринин баасын жогорулатуу фактысы аныкталганын жар салды.

"Кошумча каражатты эске алуу менен Финансы министрлиги объектилердин курулушуна 1 миллиард 584 миллион сом бөлгөн. Бирок текшере келгенде каражаттын мыйзамсыз пайдаланылышы жана курулуш иштеринин баасы жогорулатылганы аныкталган. Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттин натыйжасында мындан мамлекетке 202 миллион 814 миң сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Өлкө кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу) жана 171 (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же сарптоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Ишти тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жүктөлдү.

Тема боюнча

ИИМ: Кыргызстанда беш айда уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү кармалды
УКМК Чолпон-Атадагы ипподром курууда мыйзам бузулганын аныктады
770 миң евролук эмерек. Тарых музейин оңдоого кеткен чыгымдын тизмеси
Белгилер:
кылмыш, спорт комплекс, ипподром, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ