Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа кагышып, үч киши ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в бизнес-центре "Каухар" на Орто-Сайском рынке
Пожар в бизнес-центре Каухар на Орто-Сайском рынке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Байтик баатыр менен Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:40тар чамасында болгон.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыган №217 маршрутка менен Chrysler үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен кагышканын Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы Байтик баатыр менен Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:40тар чамасында болгон.

"Chrysler үлгүсүндөгү автоунаа Байтик баатыр менен түштүк тарапты көздөй кетип баратып, Суеркуловдон чыгышка карай бурулганда №217 маршрутка келип урунган", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келип, маршруткадагы жүргүнчүлөргө медициналык жардам көрсөтүп, бир нечесин ооруканага алып кетти. Бардык материалдар тергөө органдарына берилди.

Шаардык тез жардам кызматынан маалымдашкандай, үч киши ооруканага жеткирилген. Алар кандай жаракат алганы белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0