Кипрден ажал тапкан Садырдын ата-энеси: уулумду 8 жолу бычактап, ыргытып ийишкен

© Sputnik / Табылды КадырбековКипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков жана апасы Рима Баатырбекова
Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков жана апасы Рима Баатырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маңдайымда эрезеге жеткен уулун жаңы эле жерге берип каңырыгы түтөп турган ата-эне отурду. Алар баласын Кипрде белгисиз кишилер бычактап, төртүнчү кабаттан ыргытып ийгенин айтып боздойт.

Кипрдын Kibris Gazetesi гезити 24-май күнү Гирне шаарында кыргызстандык жаран жандандыруу бөлүмүндө жатканын жазган. Маалыматта ал 4-кабаттан кулаганы жана денесинде бычак издери болгону айтылат. Тилекке каршы ал төрт күн бою өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн.

© Фото / из архива семьи БаатырбековыхКипрде каза тапкан Садыр Алымбеков
Кыргызстанец Садыр Алымбеков погибший в Кипре - Sputnik Кыргызстан
Кипрде каза тапкан Садыр Алымбеков

Бейажал кеткен уулунун сырдуу өлүмү иликтенбей жатканына тынчсызданган маркумдун атасы Алымбек Баатырбеков менен апасы Рима Баатырбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

27 жаштагы Садыр Алымбеков мындан бир жарым жыл мурда чет өлкөгө кетип, мейманканада тейлөө жаатында иштеп жүргөн. Апасынын айтымында, кырсык ал өзү жашаган үйдүн террасасында болгон.

"Бейтааныш кыздар чалып "балаңыз кароосуз калган жерден табылды, абалы оор" деп айтты. Угаарым менен Кипрге учуп бардым. Ооруканага сегиз жеринен бычак жеп түшкөнүн айтышты. Болгондо да бөйрөккө, жүрөккө, өпкөсүнө сайып, күрөө тамырын кесип туруп 4-кабаттан ыргытып ийишиптир. Буту, колу сынып, башына кан уюп, комада экен. Артымдан атасы келди. Ал эки саат баласынын жанында отургандан кийин үзүлдү", — деди Баатырбекова.

Ал ошондой эле баласын суицид жасады дегендерге нааразы болууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековКипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун апасы Рима Баатырбекова
Рима Баатырбекова, мать кыргызстанца Садыра Алымбекова погибшего в Кипре  - Sputnik Кыргызстан
Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун апасы Рима Баатырбекова

"Садыр бир адамга өйдө карап сүйлөбөгөн, шоктугу жок, элпек болчу. Муну жанында иштегендери да тастыктап берет. Биз барганда кеисптештери, достору, жетекчилери баш болуп жаныбызда жүрүштү. Ал информатика адистиги боюнча билим алып, андан соң Санкт-Петербурда төрт жыл иштеп келген. Орус, турк жана англис тилдерин билчү. Жашоого умтулуп, алдыга көп максаттарды койгон. Өз жанын кыймак эмес. Дарыгерлер "мындай бычак издери менен суицид жасай албайт" деп корутунду чыгарды", — деди апасы.

Маркумдун ата-энеси аларга биринчи кабарлаган эки кыздан шектенип жатышат. Анткени маалыматты бурмалап айтып, кийин байланышты үзүп койгон.

"Полиция эки баланы суракка чакырыптыр дешти. Андан тышкары, уулум менен мурда чогуу иштеген украиналык эки кыз шек жаратып жатат. Алар "Садырды түнү бою издеп, эртең менен кароосуз калган жерден таптык" деген. Бирок ал өзү жашаган үйдүн террасасынан эртең мененки саат 8.10до кулап, 10 мүнөттөн кийин тез жардам алып кетиптир. Кыздар тынбай түрдүү маалыматтарды айтып турган. Бирок Кипрге барганыбызда телефонун да албай, жоголуп кетишти. Кулаганын биринчи көргөн киши "бала "тап" этип түшкөндө жогору жакты караганга дарманым болгон жок" деди. Андан башка эч ким көрбөптүр. Полиция террасага бизди киргизбей койду. Ушул кыздар билсе керек, алар менен жакшы иштесе айтып бермек. Учурда кылмыштын бетин ачууга кызыккан киши жок болуп, жаап коюуга аракет кылышууда", — деди атасы Баатырбеков.

Тышкы иштер министрлиги болсо Кипрде Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жоктугун билдирди. Учурда бул иш боюнча тактоо иштерин Түркиядагы элчилик жүргүзүп жатат.

Мужчина с ножом - Sputnik Кыргызстан
Санкт-Петербургда эки КР жараны бычакталды. Кылмышка бир нече киши шектелүүдө
"Ал жактагы кыргыздарды караган ТИМдин кызматкери бар дешти эле аны таба албадым. Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусовго кайрылсам, Кипрге түздөн-түз консул жибере албайт экен. Бирок ага рахмат, кат жолдоп "колдон келген жардамымды берем" деп азыркыга чейин өзү байланышка чыгып кырдаалды түшүндүрүп жатат. Диаспоранын өкүлдөрү, кесиптештери чогулуп сөөктү Кыргызстанга жөнөтүштү. Мамлекеттен да "чет жакта биздин жаран киши колду болуптур" деп тыкыр көзөмөлгө алышын сурайбыз", — деди маркумдун апасы.

Мекендешибизге оорукананын эң күчтүү дарыгерлери алты операция жасаган. Алар аябай оор өткөнүн, ошол эле учурда Садыр жашоо үчүн катуу күрөшкөнүн белгилешкен.

© Sputnik / Табылды КадырбековКипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков
Алымбек Баатырбеков, отец кыргызстанца Садыра Алымбекова погибшего в Кипре  - Sputnik Кыргызстан
Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков

"Дарыгерлер "балаңыз ушунчалык күчтүү экен. Жүрөгү үч жолу токтоп, кайра иштеди. Жашайын деп аябай тырышып, өлүм менен катуу кармашты" деди. Байкуш балам алы келбей кете берди окшойт. Ак халатчандар болгон күчүн жумшап, жанынан кетпей турушту. Аларга ыраазымын. Ал эми полиция балабыздын телефонун блоктон ача албай жатабыз дешти. Андай болсо тиги кыздар биздин номерди каяктан таап чалды? Туугандарыбыздын бирине ишеним кат калтырганбыз, ал биздин атыбыздан даттанат", — деди атасы.

Кувейтке иштеген Кыргызстандык мигранттардын жашоо шарты - Sputnik Кыргызстан
Кувейттеги ишке алданып, кайта албай жаткан кыргызстандыктар. Жашаган жеринен видео
Садыр Алымбеков өлүмүнөн эки күн мурда ата-энеси менен сүйлөшкөн. Ал адаттагыдай эле жайдары маанайда сүйлөп, бир жарым айдан кийин келип, шаардан батир алып, андан кийин үйлөнүү ниетин айткан.

"Акыркы жолу "жакында барам, баарыбыз чогулуп эс алалы" деп, ары жакта унаа жууп жаткан атасы менен тамашалашып жарым сааттай сүйлөшкөнбүз. Кел эми үйлөнтөлү десек "апам кыз таап койсо барып алам" деп жылмайды эле. Достору менен да бир күн мурда сүйлөшүп, жакында үйлөнө турган досунун тоюн талкуулашыптыр. Келсе күйөө жолдош болмок экен. Анан "мени тосуп алгыла, үйгө сюрприз кылып барам" дептир. Санкт-Петербургдан келгенде да, отурсак эле дарбазадан ашып кирип терезени такылдаткан болчу. Мында да ушинтип сүйүнтөм деп жаткан экен да", — деп мүңүркөйт уулунан айрылган эне.

Садыр Алымбеков үч бир туугандын ортончусу болгон. Бишкектин четиндеги "Эне-Сай" конушунда жашачу. Анын сөөгү ошол жердеги мүрзөгө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0