Бишкекте айтыша кеткен окуучу кыз энесине бычак урду

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармап турган кыз. Архив
Бычак кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча энеси кызын бетке чапканда кызы ызасына чыдабай кетип ачуусу менен энесин сайып салган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте 16 жаштагы кыз апасы менен урушуп жаткан кезде ызасына чыдабай апасын ичке сайган. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя кечээ, 5-июнда, болгон.

"Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына үйлөрдүн биринде бычак жеп жаракат алган аял тууралуу маалымат келип түшкөн. Тартип сакчылары дарек боюнча барган. Териштирүү учурунда 51 жаштагы аял менен 16 жаштагы кызынын ортосунда пикир келишпестик чыкканы, натыйжада окуучу кыз энесин сайып, жарадар кылганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта 11 жаштагы бала досун мылтык менен атып алды
Өспүрүм энесине бычак сайгандан кийин көчөгө чуркап чыгып жардам сураган. Алдын ала маалымат боюнча окуучу кыз мас абалдагы апасы аны бетке чапкандан кийин бычак урган.

51 жаштагы М.З. аттуу аял оор абалда Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0