Чек арадан кармалган тажик жоокерлери Тажикстанга өткөрүлдү

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүПограничная застава в Республике Алтай
Пограничная застава в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, коңшу өлкөнүн жоокери кармалган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 4-июнда кечке жуук чек арадан кармалган тажик жоокери Тажикстанга өткөрүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы ар бир кыймыл эми камерага тартылып турат
Белгилей кетсек, 4-июнда саат 17:10дор чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат аймагындагы "Футбол аянтчасы" деген жерге тажик аскерлери мыйзамды бузуп кирип келген. Тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөндүктөн КР чек арачылары чыгып кетүүнү талап кылган, бирок алар талапты аткарбай асманга ок аткандыктан кармалган.

Бөрүбаеванын айтымында, эки мамлекеттин чек арачылары жолугуп, тактала элек чек ара сызыгында өзүн алып жүрүү эрежесин мындан ары бузбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, кармаган тажик аскери коңшуларга өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0