Вознесеновкадагы кафеде мушташ чыгып эки киши жаракат алды

Жазылуу
22-24 жаштагы үч бала 30-31 жаштагы эки кишини сабап салган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Вознесеновка айылындагы кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, 22-24 жаштагы үч бала 30-31 жаштагы эки кишини сабап салган.

"17-май күнү кечки саат 21.30дар чамасында кафеде мушташ чыккан. Анын кесепетинен эки адам жабыркап аймактык ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 22 жаштагы эки жана 24 жаштагы бир бала кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0