Бишкектин четинде эркек адамдын сөөгү табылды. Милиция тек-жайын тактай албай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с патологоанатомом Валентиной Пахман
Интервью с патологоанатомом Валентиной Пахман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрелдин аягында айланма жолдун жээгинен эркек адамдын сөөгү табылган. ОИИБ өлгөн адамдын ким экенин аныктоо үчүн анын кийимдеринин сүрөттөрүн жарыялады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы өлгөн адамдын кийиминин сүрөттөрүн жарыялап, анын тек-жайын аныктоого элден жардам сурап жатат.

26-апрель күнү тартип сакчылары Маевка айылынын талаасына жакын айланма жолдон азиат улутундагы, 40-45 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгүн табышкан.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүй облустук ички иштер башкармалыгы өлгөн адамдын кийиминин сүрөттөрүн жарыялап, анын тек-жайын аныктоого элден жардам сурап жатат
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы өлгөн адамдын кийиминин сүрөттөрүн жарыялап, анын тек-жайын аныктоого элден жардам сурап жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы өлгөн адамдын кийиминин сүрөттөрүн жарыялап, анын тек-жайын аныктоого элден жардам сурап жатат
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области26-апрель күнү тартип сакчылары Маевка айылынын талаасына жакын айланма жолдон азиат улутундагы, 40-45 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгүн табышкан.
26-апрель күнү тартип сакчылары Маевка айылынын талаасына жакын айланма жолдон азиат улутундагы, 40-45 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
26-апрель күнү тартип сакчылары Маевка айылынын талаасына жакын айланма жолдон азиат улутундагы, 40-45 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгүн табышкан.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиӨзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара жана узун.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара жана узун. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара жана узун.
1/3
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы өлгөн адамдын кийиминин сүрөттөрүн жарыялап, анын тек-жайын аныктоого элден жардам сурап жатат
2/3
26-апрель күнү тартип сакчылары Маевка айылынын талаасына жакын айланма жолдон азиат улутундагы, 40-45 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгүн табышкан.
3/3
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара жана узун.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара жана узун.

"Өлгөн адамдын үстүндө жеңи узун ак түстөгү көйнөк жана ак майка болгон. Bars деген жазуусу бар ачык көгүлтүр түстөгү ич кийим, Etro деген жазуу менен көк жинсы шым жана кара-боз түстөгү калың байпак, Bomi маркасындагы көк ботинка кийип жүргөн", — деп жазылат маалыматта.

Эгер кимдир бирөөдө каза болгон адам тууралуу маалыматы болсо, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына (312) 36-35-27 (нөөмөт бөлүмү), 0(312) 36-35-23, 0(701) 25-55-59, 0(550) 71-29-85, 0(550) 51-09-05 номурлары аркылуу кайрылып, же "102" кызматына кабарлап коюну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0