Бишкекте эки унаа кагышты. Жеринен тартылган сүрөт

© Фото / Пресс-служба ГУОБДДПоследствия ДТП в Бишкеке
Последствия ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочулардын бири мас абалында болгон.

БИШКЕК, 2-июн. – Sputnik. Жаш Гвардия проспектисинде (Жибек Жолу менен кесилишкен жер) эки унаа кагышты. Бул тууралуу ЖКККББдан маалымдашты. 

Окуя бүгүн, ишемби күнү эртең менен болгон. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыкканда Audi менен кагышкан. 

© Фото / Пресс-служба ГУОБДДЖаш Гвардия проспектисинде (Жибек Жолу менен кесилишкен жер) эки унаа кагышты
Последствия ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаш Гвардия проспектисинде (Жибек Жолу менен кесилишкен жер) эки унаа кагышты

Audi автокөлүгүнүн айдоочусунун буту жабыркап ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерде кайгуул милициясы иш алып барууда. 

Алдын ала маалыматтар боюнча Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу мас абалында болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0