Ысык-Атада эки унаа сүзүшүп, айдоочу ошол жерден көз жумду

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Алтай, Алтайский край
Регионы России. Республика Алтай, Алтайский край - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон айдоочу 49 жашта болгон.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири ошол жерде көз жумган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабаралашты.

"Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында Ford Focus жана Mersedes benz (Гигант) автонуаалары сүзүшүп, 49 жаштагы айдоочу каза болуп, жанындагы жүргүнчү оор жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар Ford Focus автокөлүгүнүн каза болгон айдоочусунун сөөгүн жана жаракат алган жүргүнчүсүн Кант шаарындагы ооруканага жеткирген.

Мындан эки күн мурда дагы бир кырсык болуп, 30-майда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун боюндагы Сары-Булак айылында эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0