БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Москвада Кыргызстандын жаранын өлгүчө сабаган кишилердин ким экени такталып, аларга издөө жарыяланганын ИИМден билдиришти.
Министрликтен маалымдашкандай, буга чейин эркек кишинин сабалышы боюнча маалымат ЖМКларга чыккан. Ошондой эле анын жанындагы кыз дагы жабыркаганы айтылган.
ИИМдин маалыматына караганда, окуя 14-майда Москва облусунун Красногорск шаардык аймагында болгон. Саат 23.30дар чамасында суунун жээгинен башынан катуу жаракат алып, эс-учун жоготкон 27 жаштагы кыргызстандык жигит табылган.
Медиктердин айтымында, жабыркаган кыргызстандык кишинин мээси шишип кеткен.
Ошондой эле ооруканага 26 жаштагы кыз да жаткырылган. Анын башы жабыркап, учурда дарыланып жатканы айтылды.
Аталган факты боюнча Москва облусунун тергөө комитети РФтин Кылмыш жаза кодексинин 111-беренеси (Адамдын ден соолугуна залака тийгизип, кесепети өлүмгө алып келген залака тийгизүү) менен кылмыш иши козголду.
КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаары жана Москва облусунун полиция кыматы менен биргеликте кол салгандардын ким экенин тактоо иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында шектүүлөр 23 жана 26 жаштагы кишилер экени белгилүү болду. Учурда аларды федералдык издөөгө алуу пландалып жатат.