Ысык-Көл: кызга жолугам деп барган балдардын бири бычакталды

Жазылуу
Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жети-Өгүз райондук милициясына 28-майда аймактык ооруканага Оргочор айылынын 17 жаштагы жашоочусу бычакталып Тез жардам кызматы менен түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Териштирүү учурунда жабыркаган бала 27-майда Бишкектен туулуп өскөн Оргочор айылына келгени аныкталган.

"Ушул эле күнү түнкү саат 23:30дар чамасында айылдашы менен жолугуп, ал коңшу Светлая Поляна айылындагы сүйлөшкөн кызы менен жолугуп келүүнү сунуштаган. Алардын кыз менен жолугуп турганын көргөн кыздын тууганы жинденип, достору менен аларды сабаган. Мушташ учурунда 17 жаштагы бала бөйрөк тушка бычак жеген", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган баланы райондук ооруканага алып барышкан. 28-майда Ысык-Көл облусунун биргелешкен ооруканасына которулуп, операция жасалган.

Аталган факты териштирилип, бачыктаган баланын аты-жөнү такталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0