Сокулукта чөгүп кеткен 12 жаштагы баланын сөөгү бир күндөн соң табылды

© AFP / MARWAN NAAMANI Детская обувь в воде
Детская обувь в воде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери бир күнгө созулган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда 12 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, баланы издөө иштери бир күнгө созулган.

"26-май күнү ӨКМдин куткаруучулары Сокулук айылындагы көлмөгө түшүп кеткен 12 жаштагы баланы издеп, 27-май күнү 08:30дар чамасында анын сөөгүн табышкан", — деп жазылат маалыматта.

Куткаруучулар сөөктү ата-энесине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0