Ошто сөөгү өрттөлгөн таксист. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

© AP Photo / Martin MejiaЗаключенный в наручниках в Кальяо
Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн бири кармалды, дагы экөө мекени Казакстанда.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы Ошто киши колдуу болгон 31 жаштагы таксист тууралуу окуянын чоо-жайын маалымдады.

Маркум 13-майда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеке унаасы менен такси кызматын көрсөтүү үчүн үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Анын сөөгү 23-майга караган түнү Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган

© Фото / пресс-служба МВД КРИздөөгө алынган шектүүлөр
Издөөгө алынган шектүүлөр - Sputnik Кыргызстан
1/2
Издөөгө алынган шектүүлөр
© Фото / пресс-служба МВД КРDaewoo Matiz үлгүсүндөгү жеке унаа
Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеке унаа - Sputnik Кыргызстан
2/2
Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеке унаа
1/2
Издөөгө алынган шектүүлөр
2/2
Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеке унаа

ИИМден билдиришкендей, таксист 13-май күнү саат 9.00дө кардарларын жеткирип баратып, ошону менен байланышка чыкпай калган. Ведомство окуя боюнча толугураак маалымат берди.

Жоголуп кеткен таксистти ички иштер органдарынын кызматкерлери издей баштаган. Анын алкагында маркумга тиешелүү уюлдук телефон павильондордун биринен табылган. Көрсө белгисиз адамдар аппаратты дүкөн ээсине эки миң сомго сатып кеткен экен.

"Топтолгон материалдардын бардыгы кылмышкерлер адамга кол салып, анын унаасын ээлеп алганын көрсөтүүдө. Ал эми таксист алардын курмандыгы болуп калган", — деп ИИМден билдиришти.

Оперативдик кызматкерлер Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа 14-май күнү Чүй облусунун аймагындагы стационардык бекеттин жанынан өткөнүн билишкен.

Дубинка көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кинодогудай! Бишкекте уурулар барскан менен башка жеп, алабайдан качты
Ыкчам издөө иштеринин алкагында укук коргоочулар шектүүлөрдүн изине түшкөн. Алардын бири Кара-Суу районунун мурда соттолгон тургуну болсо, калган экөө Казакстандын жарандары болуп чыкты.

"Кылмышка шектүүлөр милиционерлер алардын артынан калбай аңдып жүргөнүн сезген эмес", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган факты боюнча 16-май күнү Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин криминалдык кызматынын маалыматына караганда, белгисиз адамдар таксистке кол салып, унаасын тартып алган. Тагыраагы, 13-май күнү жүргүнчүлөр жарым жолдон таксистти сабап, багажга салып, эл жок жакты көздөй жөнөшкөн.

Кийин кылмышкерлер унааны Токмокко чейин айдап келип сатып алуучуларды издей баштаган.

"Алар акча үчүн ойго келбеген калптарды айтууга даяр болушкан. Шектүүлөр адамдардын ишенимине кирип автоунааны 1100 долларга сатуу менен каттоо иштерин "кийин аткарабыз" деп убадалашкан. Алардын изине түшкөн оперативдик кызматкерлер сатылган унааны Чүй облусунун тургунунун үйүнөн табышкан. Учурда машина айып короого киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан маалымдашкандай, шектүүлөр Токмок шаарына жакын жерден Казакстандын аймагына өтүп кеткен. Ал эми мурда уурулук боюнча соттолгон Кара-Суу районунун тургуну 22-май күнү "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекетинен кармалган.

Мужчина с ножом - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө аялды бычактап өлтүргөн киши изделүүдө
Кылмышкерлердин курмандыгы болгон маркумдун сөөгү Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылынан алыс эмес жерден табылды.

"Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкерлер айдоочуну сабап, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Кылмышын жашыруу үчүн сөөгүн өрттөп жиберишкен", — деп ИИМдеп маалымдашты.

Учурда Казакстандын эки жараны изделип жатат. Алар мекенинде жашынып жүргөнү боюнча маалымат милицияга келип түшүп, тек-жайлары аныкталган.

Ошондой эле алар дагы бир кылмышка шектелип жатканы такталды. Адам өлтүрүү фактысынан бир күн мурун белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун эки миң сомун тартып алып, качып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0