Шымкенттеги кыргызстандык үй-бүлө кырсыктап, айдоочу мүрт кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКарета скорой помощи. Архивное фото
Карета скорой помощи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлангандардын Россиядан Ош шаарына келе жаткандыгы айтылды.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Казакстандын Ак-Төбө облусундагы Самара — Шымкент жолунун 566-чакырымында 18-майда Кыргызстан жараны айдап бара жаткан автоунаа кырсыктап, айдоочу каза болгон. Бул туурасында Кыргыз ТИМинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Mercedes Е320 үлгүсүндөгү автоунаа ала салып кеткени, айдоочунун 49 жашта экендиги айтылган. Унаанын ичинде бир үй-бүлө бар экендиги маалымдалды.

"Каза болгон кишинин сөөгү туугандарына берилди. Ал эми автоунаанын ичиндеги беш кишинин ичинен 42 жана 13 жаштагы жүргүнчүнүн алган жарааты жеңил болгондуктан, ооруканага жаткырылган эмес. Ал эми 36 жаштагы жүргүнчү оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө, андан сырткары, алты жана төрт жаштагы балдар орточо абалда ооруканада жатат", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ алардын Россиядан (Москва) Кыргызстанга (Ош) сапар алып бара жатып, кырсыкка учурагандыгын кошумча билдирди.

КРдин Казакстандагы элчилиги учурда жабырлангандар менен байланышта болуп, алардын абалына көз салып тургандыктарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0