06:06 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Бак кыйгандарга жаратылышка келтирилген зыяны үчүн 210 057 сомдук доо коюлду.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Талас шаарында теректерди мыйзамсыз кыйган жаран кармалды. Бул туурасында Экотехинспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, М.Р. аттуу шаар тургунун 224 даана мырза теректи уруксат кагазы жок, өзүм билемдик менен кыйдырып, оор жүк ташуучу унаага жүктөп жаткан жеринен инспекторлор колго түшүргөн.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө теректер кыйылган 38,803 чарчы метр жер тилкеси Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жергиликтүү тургун Бөлөкбаевге 2029-жылга чейин жашылдандыруу багытында ижарага берилген. Теректер муниципалдык менчиктин карамагында болгондуктан уруксатсыз кыюуга тыюу салынган. Ага жеринде тийиштүү акт, протоколдор толтурулуп жаратылышка келтирилген зыяны үчүн 210 057 сом доо коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн тийиштүү материалдар Талас облустук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди.

Тема боюнча

Четинен кертилип жаткан "Ата-Түрк" паркы. Гүлбактын азыркы көрүнүшү
Бишкек: куурап калган 9 миң сомдук 30га чукул көчөттүн видеосу
Белгилер:
терек бүрлөрү, Мамлекеттик экология-техникалык инспекциясы, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ