Бир аял мерт болуп, жети киши жабыркаган. Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция жана тез жардам кызматы. Архив
Милиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ, 22-майда саат 16.30да болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда Audi жана Subaru Forester үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 36 жаштагы аял көз жумду. Кырсыктан дагы жети адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя 22-май күнү саат 16.30да аталган трассанын 308-чакырымында болгон.

Жерине чакырылган ӨКМ куткаруучулары каза болгон аялдын сөөгүн унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0