Чүй милициясы кишини тебелетип өлтүрүп алган айдоочуну издеп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан каза тапкан 41 жаштагы киши Кашка-Баш айылынын жашоочусу болуп чыккан.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Күн-Туу айылына бараткан жолдо 21-майда таңкы саат 03:00дөр чамасында белгисиз автоунаа эркек кишини койдуруп кетип, жөө адам ошол жерден жан берген. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Кырсыктан каза тапкан 41 жаштагы киши Кашка-Баш айылынын жашоочусу болуп чыккан.

Чүй облустук милициясы элге кайрылып, окуяны көргөн-билгендерди, күбө болгондорду милицияга кабарлоону өтүнгөн.

"Аталган жол кырсыгына күбө болуп же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат алсаңыздар 0700 20 40 03, 0707 87 71 63 телефон номерлерине кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Маалыматтын кимден түшкөнүн ачык айтпоого кепилдик беребиз", — деп айтылат милициянын элге кайрылуусунда.

Буга чейин да Сокулук районунун ички иштер бөлүмү Сокулук айылындагы 47 жаштагы кишини койдуруп кеткен окуяга тиешеси барларга издөө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0