14:05 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Борбор калаанын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу, курулушу толук бүтө элек үйдөн чыккан өрт

Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө өчүрүлдү

© Sputnik / Михаил Дудин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
152 0 0

Тилсиз жоого каршы жеринде өрт өчүрүүчү үч бригада иштеди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Борбор калаанын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу, курулушу толук бүтө элек үйдөн чыккан өрт түндө саат 23.48де өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт имараттын 11-кабатынан чыккан.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчү үч бригада иштеп, тилсиз жоо 22:44тө чектелип, толугу менен бир сааттан кийин өчүрүлгөн. Маалыматта 200 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөнү айтылды. Ушу тапта өрттүн себеби такталып жатат.

Өрттүн кандай болгонун Sputnik Кыргызстандын видеоматериалынан көрсөңүз болот.

Тема боюнча

Бишкек: 12-кичи райондо көп кабаттуу үй өрткө чулганды. Асмандан тартылган видео
Фотофакт: Бишкектеги өрттүн дрон менен тартылган сүрөтү
Бишкекте курулуп бүтө элек үй өрттөнүп жатат. Сүрөт
Белгилер:
кызмат, район, үй, Өрт, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ