Бишкекте таксисттердин телефону уурдалды. Шектүү катары бир кыз кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовТелефон менен сүйлөшүп жаткан кыз. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта шектүү үй камагында.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бир нече алдамчылык фактысы боюнча 23 жаштагы кыз шектелип жатканын ШИИБ билдирди.

24-апрелде милицияга таксист кайрылып, сүйлөшүп алуу үчүн анын Samsung Galaxy S4 үлгүсүндөгү телефонун алган кардар кыз андан ары из жашырып кеткенин айткан.

Натыйжада Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында 23 жаштагы Б.к.А. кармалды. Ал ондон ашык телефонду уурдап алган деп шектелүүдө. Телефондун сегизи таксисттерге тиешелүү экендиги тастыкталып, кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү үй камагына чыгарылып, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0