23:03 10 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
292 0 0

Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

  • Кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган
    Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
  • Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.
    Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГПС КР
Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган

Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.

"Тамекинин көбүндө Тажикстандын акциздик маркалары бар экен. Жүктү документтерсиз өткөрүүгө жасалган аракети үчүн үч кыргызстандык, бир россиялык жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиийштүү процедуралардан кийин жүк УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Эскерте кетсек, атайын "Бирлик-2018" операциясын Чек ара кызматы УКМК менен бирге ишке ашырды.

Тема боюнча

Баткенде чек арадан унаа багажнигине түшүп өтмөкчү болгон өзбек жараны кармалды
Он жашар кызды Кыргызстандан алып кетмекчи болгон испаниялык жаран кармалды
Белгилер:
тамеки, УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы, Россия, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ