Индиянын жараны Бишкектен жердештерин 23 миң долларга сызга отургузуп кеткен

Жазылуу
Шектүү киши мекендештерин Бишкектеги жогорку окуу жайына өткөрөм деп акча алган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы алдамчылыкка шектелген Индиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

"Индиянын жараны милицияга арыз менен кайрылып, чала тааныш мекендешине карата чара көрүүнү суранган. Жердеши былтыр жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүүгө жардам берем деп 14 миң долларын алып изин жашырган", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.

Автоунаанын жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деп шектелген кыз кармалды
Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары Индиянын 28 жаштагы жараны кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган кишиге карата ушундай эле дагы бир арыз түшкөнү аныкталган. Шектүү башка кишиден дагы жогорку окуу жайга өтүүгө жардам берем деп тогуз миң доллар алганы белгилүү болгон.

Учурда Октябрь райондук милициясы колго түшкөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктап жатат. Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0