Ысык-Көлдө аялды бычактап өлтүргөн киши изделүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовМужчина с ножом
Мужчина с ножом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун денесинен кыйноонун белгилери аныкталган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Чолпон айылынан 17-майда саат 10:00дөр чамасында аялдын сөөгү табылып, бычакталганы аныкталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Маркумдун ким экени аныкталды. Ал Ак-Суу районундагы эс алуу базаларынын биринде иштеген 45 жаштагы аял болуп чыкты. Бычакталып өлтүрүлгөн", — деди Усубакунов.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр аялды ким өлтүргөнүн аныктап, издөө жарыялады. Шектүү маркумдун таанышы болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0