14:11 24 Бугу 2018
Түз эфир
Тез жардам автоунаасы. Архивдик сүрөт

Бишкек – Алматы трассасында үч унаа кагышып 5 адам көз жумган

© Sputnik / Павел Лисицын
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
703 0 0

Каза болгондордун бардыгы Казакстандын жарандары экени айтылууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек – Алматы трассасынын Унгуртас айылына жакын аймакта ири жол кырсыктан беш адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, 16-май күнү эртең мененки саат 8.00дө Mercedes, SsangYong жана Iveco үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып кеткен. Натыйжада SsangYong машинасынын ичиндеги беш адам каза тапкан. Ал эми түрдүү жаракат алган төрт адам ооруканага жаткырылган. 

Көз жумгандар менен жабыркагандар Алматы, Жамбыл, Түштүк-Казакстан жана Караганда облустарынын тургундары болуп эсептелет. Ал эми Iveco үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү Кыргызстандын жарандары. 

Алматы облусунун ички иштер департаменти кырсык болгонун ырастап, аталган фактыга карата тийиштүү бардык экспертизалар дайындалганын билдиришкен.

Тема боюнча

Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кетти
Бишкекте бус тосмого кирип кетип, айдоочу каза тапты. Сүрөт
Белгилер:
жол кырсык, Алматы, Бишкек, Кыргызстан, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ