Бишкекте журналисттерге күч колдонгон соода борбордун күзөтчүлөрү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода борбордун кызматкерлери тартуу иштерин баштаган журналисттердин камерасын күчкө салып тартып алган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, Beta Stores-2 соода борборунун кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Баткенде беш миллион сомдой акчасын "уурдаттым" деп алдаган киши соттолду
Аталган соода борбордо 16-май күнү мушташ болгон. Борбордун кызматкерлери тартуу иштерин жүргүзүп жаткан "Апрель" телеканалынын журналисттерине күч колдонуп, үч камерасын тартып алган. Видеону өчүрүп, флеш-картасын кайтарышкан эмес.

ЖМК өкүлдөрү милицияга арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) жана 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында соода борбордун үч кызматкери (алардын бири Түркиянын жараны) кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0