12:55 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Кишенчен киши. Архивдик сүрөт

Баткенде беш миллион сомдой акчасын "уурдаттым" деп алдаган киши соттолду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
402 0 0

Жергиликтүү тургун 2015-жылы ири суммадагы акча уурдатканын айтып милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кадамжай районунун 32 жаштагы тургуну жок акчасын "уурдаттым" деп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн сот жообуна тартылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2015-жылдын июль айында Кадамжайдын Сырт айылынын Ш.М., аттуу жашоочусу базарга токтотуп койгон Honda Jazz унаасынын ичинен 57 миң доллар (3,9 миллион сом) жана 870 миң сом акча, NOKIA үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатканын айтып милицияга кайрылган.

"Бул факты боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. Алынган маалыматтарга талдоо жүргүзө келгенде арыздануучу Ш.М., тергөөнүн жүрүшүндө жалган көрсөтмө бергендиги белгилүү болгон. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам жалган көрсөтмө берген жаранга Кылмыш жаза кодексинин 329-беренеси (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) боюнча иш козголуп, Кадамжай райондук соту тарабынын шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратылды.

Тема боюнча

Бишкектеги дүкөндөн көз көрүнө ууру кылган аял видеого түшүп калган
Москвада КР жараны бир сумка акчасын 40 секундда карактатты. Окуянын чоо-жайы
Белгилер:
урдоо, милиция, Баткен облусу, Кадамжай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ