Ошто сабалган окуучу кыздар. Ата-энелер окуянын чоо-жайын айтып беришти

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОкуучу кыздар. Архив
Окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелер кыздары бычак, кастет колдонуу менен сабалганын айтып арызданышууда. Экинчи тарап айыптоолорду четке какты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош шаарында мушташты делген окуучу кыздардын видеосу социалдык тармакка жүктөлдү. Тасманы тараткан интернет колдонуучу кыздар үстөмдүк кылуу менен башкаларды сабап, коркутуу жолу менен акча талап кылышканын жазган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуучулар ортосундагы чырдын чоо-жайын тактоого аракет жасады.

Случаи драки людей - Sputnik Кыргызстан
Кыз талашкан мушташ окуучунун өлүмү менен аяктады... Көлдөгү окуянын чоо-жайы
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, жаңжалга катышкан кыздар №42 "Керме-Тоо", №50 Пайзилла Нышанов жана №20 Исхак Раззаков атындагы үч мектептин окуучулары болуп эсептелет.

Жабырлануучу кыздардын ата-энелеринин айтымында, үч окуучу кыз узак убакыттан бери мектептеги кыздарга басым жасап, акча талап кылып жүрүшкөн. Буажар Баргыбаева 17 жаштагы небереси алардын биринен токмок жеп баш-мээси чайкалып, ооруканага жаткырылганын билдирди.

"Ал кыз 30-март күнү кайра-кайра телефон чалып коркутуп, неберемди үйдөн чакырып алган. Аны мектеп тараптагы ээн жерге алып барып кастет менен урган экен ээси ооп жыгылыптыр. Муну бизге айткан эмес. Эмнегедир түнү менен башы айланып кусуп чыкты. Эртеси ооруканага алып барсак, баш мээси чайкалган деп сегиз күн дарылашты. Сабалганын кийин билдик, мурда бул боюнча бизге айтпай жүргөн экен", — деди Баргыбаева.

Таяк жеген кыз таенесинин колунда тарбияланат. Атасы мурда эле каза болуп калган, апасы Россияда иштеп келет. Азыркы тапта медреседе окуйт. Сабады делген кыз экөө бир айылда жашайт.

ЕГЭ по русскому языку - Sputnik Кыргызстан
Ош: клейге ууланган 14 окуучу менен эки мугалим ооруканага түштү
"Неберем ооруканадан чыккандан кийин бир милиционер үйгө кирип бизди элдештирүү үчүн келгенин айтты. Макул болуп кыздын ата-энеси келип кечирим сурасын десем "алар келбейт экен, бул акчаны дары-дармекке деп берип жиберишти. Тосмо арыз жазып берип коюңуз" деди. Жиним келип, баарынан баш тартып койдум. Эми ата-энеси кечирим сураштын ордуна кайра бизди табалап жатышат", — деди кыздын таенеси.

Кийинчерээк сабады делген кыздын ата-энеси токмок жеген окуучунун эжеси Күмүшай Баргыбаева өч алуу максатында кайра алардын кызын сабап салганын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок Баргыбаева алардын айыптоосун төгүндөөдө.

"Чынын айтканда жаңжалдын эртеси ал кызды үйгө алып келип сиңдимден кечирим сура дегем. Бирок мойнуна албай чыгып кеткен. Аны уруп-соккон эмесмин. Кийин ата-энелер чогулуп милиция бөлүмүнө барышкан. Ошондо эки кызга кайрылып "эмнеге мындай кылдыңар, силер да чөгөлөп көргүлөчү" деп эле койгом. Алар буга чейин тууганыбыздын кызын да коркутуп, чөгөлөтүп алып кечирим сураткан экен", — деди Күмүшай Баргыбаева.

Дагы бир ата-эне Гүлмира Рахманова 8-класста окуган кызы да ушул кыздардан жабыркаганын билдирди. Анын айтымында, алар башкаларды да ушинтип коркутуп келишкен. Апрель айынын ортосунда бул боюнча төрт ата-эне арызданган. Бирок эки тарап кечиришип бир мунасага келишкен.

Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте окуучу кыздар чачташты. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
"Алар өздөрүн "атаман" катары алып жүргөн үч кыз экен. Окуучуларды мектептен чакырып чыгып акча сурашат. Бир күнү менин кызым алар башка кыздарды кармап турганда болушуп коёт. Мындан улам аны ары жакка алып барып бычак такайт да "беш жолу чөгөлөп кечирим сура" дешет. Кызым коркконунан чөгөлөп ийиптир. 500 сом талап кылып "эч кимге айтпа" деп коркутуп коюшуптур. Мен аны класс жетекчисинен угуп калдым. Анан милицияга барганбыз. Ал жактан кыздардын ата-энеси "экинчи кайталанбайт" деп сөз берип, кечирим сурашканынан арыз жазган эмеспиз. Эми ошондой эле окуя кайра кайталанганын угуп калдым", — деди Рахманова.

Анткен менен бычак көтөрүп жүргөн делген кыздын апасы Назгүл Матикеева жогоруда айтылгандардын баарын караандай калп деп, кызын жабырлануучу катары сыпаттоодо.

"Мунун баары жалган. Кызым эч качан бычак, кастет колдонгон эмес. Ооруканага жатып чыккан кыз өзү менин кызымды чакырып алып токмоктогон. Анан аны түртүп койсо жыгылып калган. Эжеси Күмүшай Баргыбаева кызымды машина менен үйүнө алып барып сабаган. "Муну апаңдарга айтсаң баарыңарды кошуп өрттөп ийебиз" дешиптир. Мен бул боюнча 20-апрелде билдим. Анан ал милиция бөлүмүндө кызым менен барган дагы бир кызды, мени кошо урган. Мындан улам анын үстүнөн арыздандым. Тигинтип сүрөттөрүн интернетке чыгарып салганы өтө жаман иш болду. Башка эч нерсе айта албайм. Кан басымым көтөрүлүп жатат", — деп телефонду өчүрүп койду.

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Таласта мектеп окуучулары мушташып, бири бычак жеди
Ошол бойдон кайра чалып алдыра алган жокпуз.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын орун басары Жеңиш Байзаков кыздар өз ара жарашып алганын айтып, ата-энелери эле ызы-чуу салып жатканын билдирди. Ошондой эле эгер буга мектеп жетекчилигинин күнөөсү болсо тийиштүү чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ош шаардык милициясы болсо бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, ал кыздарга буга чейин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан начар жүрүм-турумдары үчүн эскертүү берилген. Мындай фактыга жол берген милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги да карала турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0