Кыргызстандык авиакомпаниянын учагы "Жуковский" аэропортунан жабыркады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМеждународный аэропорт в Жуковском.
Международный аэропорт в Жуковском. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада жабыркаган лайнердин жүргүнчүлөрү аэропорттун мейманканасына жайгаштырылган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Москванын (Россия) четиндеги "Жуковский" аэропортунан кыргызстандык Avia Traffic Company компаниясынын Boeing-737 учагын сүйрөөчү трактор жабыркатты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя кечээ кечки саат 22.00дө болгон. Самолет "Жуковский" — Ош каттамы менен учмак.

"Бүгүнкү күндө рейс токтотулду. 150гө жакын жүргүнчү мейманканага жайгаштырылды. Аларды башка рейс менен жөнөтүү маселеси каралууда", — деп аэропорттун өкүлү айтты.

Жүргүнчүлөр үйлөрүнө жөнөтүлгөндөн кийин окуянын чоо-жайы иликтене баштайт.

Лайнер катуу жабыркаган эмес, жаракат алган жүргүнчүлөр жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0