14:22 24 Бугу 2018
Түз эфир
Саламаттык сактоо логотиби. Архивдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
340 0 0

Министрлик өкүлдөрү кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жыйынтыгында мамлекет ири суммадагы материалдык чыгым тартканы айтылды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2017-жылдын июнь айында министрлик Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун алдындагы перинаталдык борбордун имаратын кеңейтүү иштерин аткаруу үчүн сынак жарыялаган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгына караганда, жеңүүчү деп "Э.С.С." ЖЧКсы табылган. Ал эми калган компаниялар сынактын талабы боюнча документациясы туура келген эмес деген жүйө менен четтетилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен аталган сынакка катышып, жеңүүчү компаниядан азыраак каражат талап кылган ишкана анын документтери талапка толук жооп бергенин айтып чыккан.

"Буга карабай министрлик өкүлдөрү кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, "Э.С.С" ишканасын жеңүүчү атаган. Мунун жыйынтыгында мамлекет ири суммадагы материалдык чыгым тарткан", — деп түшүндүрүштү Башкы прокуратурадан.

Аталган факты боюнча министрлик кызматкерлерине КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КРдин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Депутат Шадиев тууганы экөө эки жылда канча киреше менен эмне мүлккө ээ болгон
"Аврорада" уулангандар боюнча кылмыш иши козголобу? Милициянын жообу
Белгилер:
чыгым, мыйзам, текшерүү, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ