ШИИБ: Ошто эл ташып иштеген 37 жаштагы киши үч күндөн бери дайынсыз

Жазылуу
Ал жеке фирмалардын биринде таксист катары эл ташып иштеп келген.

ОШ, 15-май — Sputnik. Кара-Суу районунун Жийделик айылынын жашоочусу 37 жаштагы И. Э. аттуу жаран 13-май күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ага ылайык, учурда шаардык милиция дайынсыз жоголгон жарандын жакындарынын арызынын негизинде ага издөө жарыялады.

"Ал 13-май күнү саат 7:00дөр чамасында өзүнүн ак түстөгү Daewoo Matiz 2 унаасы менен чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бою 170-175 сантиметр, арык, кара тору, чачы кыска, кара, кашы-көзү кара. Үстүнө кара түстөгү футболка, кызыл түстөгү куртка, кара түстөгү спорттук шым кийип жүргөн", — деди Сыдыков.

Милиция дайынсыз жоголгон кишини тааныгандар болсо 102 номери аркылуу, же 0700 13-13-53, 0700 42-07-07, 0555 13-13-53, 03222 4-82-82 номерлерине кайрылууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0