Бишкектеги барга келгендерге газ менен "кол салуу" болду. Окуя болгон жерден сүрөт

CC BY-SA 2.0 / Robert Howie / SprayАэрозольный спрей
Аэрозольный спрей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилер көчөгө чыгарылып, шектүү киши качып кеткен.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкектеги "Метропабка" белгисиз киши кирип келип, баллондогу газды элге чачкан. Бул тууралуу мекеменин администратору Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя 13-майда түнкү саат 1:20лар чамасында болгон.

"Кишилерди дароо сыртка чыгардык, кол салган киши качып кетти. Милицияга кайрылдык, эртең бардык материалдарды укук коргоо органдарына беребиз. Бул иш биздин атаандаштардын колунан келди деп жатабыз", — деди мекеменин өкүлү.

Бишкек ШИИБи бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Социалдык тармакта окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0