Тоңуп өлгөн окуучулар, милиционердин үйүндө жашаган ууру. 90-жылдардагы кылмыштар

© AP Photo / Marko DrobnjakovicТерезеден карап турган бала. Архив
Терезеден карап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда май айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы төбө чачты тик тургузган окуяларды сунуштайт.

Бул ирет 55 жаштагы аялды зордуктап, анын үйүн "тазалап" кеткен кылмышкерлер жөнүндө сөз болуп, эки автомат, үч тапанчаны жула качкандардын былыктары тизмектелет.

Уурдалган 640 килограмм бытыра

© Sputnik / Мирбек СакеновУурдалган 640 килограмм бытыра
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Уурдалган 640 килограмм бытыра

Кылмышкерлер Чүйдөгү шарап комбинатынын кампасына чатыры аркылуу кирип 14 мылтык, 20 килограммдык ок-дары алып кетишкен. Андан сырткары, 640 килограмм бытыраны ташып кетүүгө үлгүргөн.

Түрмөдөн качкан бийкеч

© Sputnik / Мирбек СакеновТүрмөдөн качкан бийкеч
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөн качкан бийкеч

Беш жылга кесилип кеткен 22 жаштагы кыз түрмөдөн качып чыгып, андан кийин да жөн жүрбөй алдамчылык менен күн көрө баштаган. Базардан соодагерлерди таап, жок продукциясы үчүн далайларды алдап акча алып, из жашырып жүргөн кезинде кайра укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Төртөөлөп зордуктап…

© Sputnik / Мирбек СакеновТөртөөлөп зордуктап…
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Төртөөлөп зордуктап…

Айылда жалгыз бой жашаган 55 жаштагы аялдын үйүнө төрт эркек кирип зордуктап салышкан. Анысы аз келгенсип, окуя болгон жерден жөн кетпей жабарлануучунун килем, шырдагын, тигүүчү машинасын да көтөрүп кетүүгө жетишкен.

Курчоого алынган Бишкек

© Sputnik / Мирбек СакеновКурчоого алынган Бишкек
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Курчоого алынган Бишкек

Түн ортосунда эки шектүү борбор калаадагы күзөт мекемелеринин бирине кирип, ал жактагы кызматкерлерди сабап салышкан. Жабырлануучулардын колу-бутун байлап эки Калашников автоматын, үч тапанчасын тартып алып таптырбай кетишкен. Коомдук тартип үчүн коркунуч жараткан окуядан соң бардык күч түзүмдөрү кызматка тартылып, шаар курчоого алынган. Кылмышкерлер эртеси гана курал-жарагы менен кошо колго түшүрүлгөн.

Милиционерлердин айласын кетирген каракчы

© Sputnik / Мирбек СакеновМилиционерлердин айласын кетирген каракчы
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Милиционерлердин айласын кетирген каракчы

Элүүдөн ашык талап-тоноочулукка тиешеси бар деп кармалган жаш жигит убактылуу кармоочу жайда тергөөчүлөргө карматпай качып кетет. Кызыгы, ал милиция кызматкеринин тилин таап, ошонун үйүндө баш калкалаган. Андан сырткары, тапанчасын көтөрүп алып көнгөн кылыктарын кайра жасап жүргөн жеринен кармалган.

Тоо башында каза болгон окуучулар

© Sputnik / Мирбек СакеновТоо башында каза болгон окуучулар
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Тоо башында каза болгон окуучулар

Мектеп окуучулары тоого ышкын тергени чыгып, ал жактан эки өспүрүм көз жумган. Жеңил кийинип алган балдар тоого чыкканда жаан карга айлынып, аба ырайы кескин бузулуп кеткен. Ал эми үчүнчү бала чыйрактыгынан гана аман калган.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги май айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0