Ош менен Баткенде жер силкинди

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча эч ким, эч нерсе жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткен районунун аймагында күчү 2,5-3 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен райондук башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, жер титирөө 9-майда Бишкек убактысы боюнча саат 16.41де болгон.

Жердин силкингенин Ош облусунун тургундары да сезишкен. Бактыга жараша эч ким, эч нерсе жабыркаган эмес.

Маалыматка караганда жер титирөөнүн очогу Баткендин батыш тарабынан 300 чакырым алыстыкта Тажикстан менен Афганистандын чек арасында орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0