Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде 18 киши ууланды. Арасында чет элдиктер бар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота детского сада №406 в Москве
Работа детского сада №406 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда берилген тамактардын үлгүлөрү алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде 18 киши ууланганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар тамактан ууланган. Жабырлануучулар 7-майдан тарта ооруканага кайрыла башташкан.

Уулангандардын арасында жети чет элдик жаран бар. Алардын бири Ирандын, алтоо Бириккен Араб эмирлигинин жараны. Чет өлкөлүктөрдүн спортчулар экени айтылууда.

"Учурда ооруканага кайрылгандардын абалы туруктуу. Тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бүгүн түштөн кийин канча жаран ооруканадан чыгарылары жана канчасы дагы жатып дарылана турганы белгилүү болот", — деп министрликтен маалымдашты.

Санаторийде берилген тамактардын үлгүлөрү алынып, экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы 3-4 күндөн кийин белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0