22:37 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Имам Абдышүкүр Нарматов. Архивдик сүрөт

Абдышүкүр Нарматов анын үйүнө жасалган уурулуктун чоо-жайын айтып берди

© Фото / Руслан Абдрахманов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
551950

Дин аалымы бул анын уулуна кол салуу эмес, кадимки эле уурулук болгондугун айтты

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы, Ислам университетинин мурдагы ректору Абдышүкүр Нарматов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына анын үйүнө жасалган уурулуктун чоо-жайын айтып берди.

Окуя 3-майдын таңында Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында болгон. Милициянын маалыматына караганда, белгисиз эки адам короосуна кирип, токтоп турган унаадан документтерди жана 8 миң сом акчаны алган. Андан соң үйдүн ичин көздөй баскан. Ошол учурда Нарматовдун 21 жаштагы уулу ойгонуп калган. Чоочун кишилерди көрүп бирөөнүн артынан кууп жөнөгөндө, экинчи ууру аны бутка аткан.

Ал эми Нарматовдун айтымында, чоочун дабышты угуп калып, өзү чуркап чыккан. Болжол менен 100 метрдей аралыктан кийин, көчөдөн ууруларды кууп жетип, шыпыргынын сабы менен бирөөсүн башка бир чапкан.

"Жыгач сап сынып кетип, башка жеген киши жерге жыгылды. Андан кийин үйдөн уулум чуркап чыкты. Алар кармаша кетип, уурулардын бири травматикалык тапанчасын алып чыгып атканда, баламдын бутуна тийген. Учурда балам басып жүрөт, азыр футбол ойнойм деп кетти", — деп айтып берген Нарматов.

Ата-бала уурунун колун толгоп, милиция чакырган. Анын айтымында бул анын уулуна атайылап кол салуу эмес, акыркы мезгилдери алардын айылында күчөп бара жаткан кадимки эле уурулук көрүнүштүн бири.

Тема боюнча

Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө ууру кирип, баласы бутуна ок жеди
Белгилер:
тапанча, үй, уурулук, милиция, Абдишүкүр Нарматов, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ