Караколдо унаа айдай качты дегендер арак ичип отурган жеринен кармалды

CC BY 2.0 / upyernoz / UskarАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары 24, 26 жана 53 жаштагы үч киши колго түштү.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Каракол шаарынан Mercedes-Benz Sprinter унаасын айдай качты делген адамдар Түп районунан Арал айылынан кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, шаар тургуну машинасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, укук коргоо органдарына 6-май күнү кайрылган.

"Ыкчам-издөө тобу уурдалган унаанын изин суутпай, Түп районундагы Арал айылынан тапты. Шектүү катары кармалган Түп айылынын 24, 53 жаштагы эки тургуну, Ак-Суу районунун 26 жаштагы тургуну унаанын ичинде спирт ичимдиктерин ичип отурган", — деп айтылат билдирүүдө.

ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Ош: жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Маалыматта алардын Каракол шаарында арак ичип отуруп, мас болуп калгандан кийин жакын жердеги короодо токтоп турган чакан автобусту айдай качышканы айтылат.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 172-беренеси (Унааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши колголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0