Баткенде чек арадан унаа багажнигине түшүп өтмөкчү болгон өзбек жараны кармалды

Жазылуу
Териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги "Ак-Кыя" чек ара постунан өзбекстандык жаранды унаасынын багаж бөлүгүнө салып Кыргызстандын аймагына өткөрүүгө аракет кылган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет элдик жаран тийиштүү документтеринин жоктугунан улам чек арадан Hyundai Starex унаасынын багажнигине түшүп өтмөкчү болгон.

Машинанын 31 жаштагы ээси менен өзбекстандык жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0