Милиция Бишкекте кармалган 30 вебкам-моделдерге кандай чара колдонулганын айтты

© AFP / VANDERLEI ALMEIDA Борьба с проституцией в Бразилии
Борьба с проституцией в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттердин маалыматы боюнча студиядан табылган видеоматериалдарда порнографиялык көрүнүштөр бар.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкекте кармалган 30 вебкам-моделдер үйүнө коё берилгенин шаардык ИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

3-майда шаардык милиция порнографиялык мүнөздөгү видеолорду тарткан студияны таап, интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөткөн кыздарды аныктап чыккан болчу.

"Мыйзам боюнча кыздарды кармоого негиз жок болбогондуктан алар үйүнө коё берилди. Уюштуруучуларга карата чара көрүлөт", — деп ШИИБден маалымдашты.

Детские куклы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды
Кыздар студияда вебкам-модель болуп иштеген. Ар бирине өзүнчө бөлмө берилип, эротикалык онлайн-чатта кардарлар менен сүйлөшүп, төлөгөн акчасына алар каалаган нерсесин аткарышкан.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү видео тартылды деген үйдү тинтүүгө алышкан. Ал жактан "жетекчи" жана 30дай кыз болгон. Ар бир бөлмөдө керебет, веб-камерага туташтырылган компьютер коюлган. Жалпысынан 16 компьютер, 150дөн ашык интимдик нерселер менен видеоматериалдар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (Порнографиялык буюмдарды сатуу жана даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, видеоматериалдар боюнча экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0