Бишкектеги ”Ак кула” ипподромунан мина табылды

Жазылуу
Ал жок кылуу үчүн полигонго алып келинди. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкектеги “Ак кула” ипподромунда мина табылды.

УКМКнын маалыматы боюнча 3-май күнү саат 20.00дө “102” кызматына ат майдандын кире беришинде шектүү буюм жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Сообщение о бомбе на железнодорожном вокзале в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Темир жол бекетине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты
Аймак дароо курчоого алынган.

Окуя болгон жерге келген УКМКнын кызматкерлери танкка каршы колдонулуучу минаны дат басып, пайдаланууга жарабай калганын аныкташкан. Жанынан башка эч кандай курал табылган эмес.

Мина жок кылуу үчүн полигонго алып келинди.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0